Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:20

Крым татарлары автономия алгысы келет


Крым татарларынын курултайы. Бакчисарай, 29-март, 2014-жыл.
Крым татарларынын курултайы. Бакчисарай, 29-март, 2014-жыл.
Бул маселе бүгүн Крым татарларынын Бакчисарайдагы курултайынын кезексиз 2-отурумунда көтөрүлдү.

Татар межлисинин лидери Рифат Чубаров жүздөгөн делегаттар алдында сүйлөгөн учурунда алардан “Крымда татарлардын этностук жана аймактык автономиясын куруу үчүн укуктук жана саясий процедураларды баштоо” сунушун бекитүүнү өтүндү.
Крым татарларынын курултайынын 2-отуруму
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:39 0:00

Өзүн Крымдын түпкү калкы катары санаган крымдык татарлар аймактын Орусия тарабынан аннексиялануусуна алып барган жакындагы референдумду мыйзамсыз иш-чара катары бойкоттошкон.

Учурда Крымда 300 миңдей крымдык татарлар байырлашат. Алардын бүгүнкү курултайына Орусия курамындагы Татарстандын президенти Рустам Минниханов да барып, катышып олтурду.

1944-жылы СССРдеги сталиндик режим крым татарларын жазыксыз жерден массалык түрдө Борбордук Азияга депортациялаган. Алардын кыйласы кийинчерээк өз атажуртуна кайтып келе алышкан эмес. (UE)

XS
SM
MD
LG