Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:50

Бажы биримдиги боюнча "жол картасы" кийинки айга калды


Өкмөт башчынын милдетин аткаруучу Жоомарт Оторбаев бул тууралуу кечээ Бишкектеги ишембиликте журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып ачыктады. Анын айтымында, Бажы биримдигине кирүү үчүн Кыргызстандын “жол каратсы” 95% бүтүп калды. Алдыда каржылоо маселелерине байланышкан суроолор, Бажы биримдигинин уюштуруучулары менен акыркы варианттар боюнча келишүү калды. Ошондой эле Евразиялык экономикалык биримдиги менен да сүйлөшүүлөр күтүлүүдө.

Кыргызстан Бажы биримдигине кирүүдөгү “жол картасы" боюнча былтыр декабрь айында биримдиктин мүчөлөрү менен шарттарды аныкташкан. Анда Кыргызстан ири базарлар, чек аралар, өндүрүштөр боюнча өзүнүн кызыкчылыгын карманган. Анда кезектеги сүйлөшүүлөр март-апрель айларына белгиленген болчу.

Бажы биримдигине Беларус, Казакстан жана Орусия мүчө. Кыргызстандын бул уюмга кириши коомчулукта талаш-тартышты жаратып келет. (SA)

XS
SM
MD
LG