Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Июнь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:45

Ошто кургак учукка каршы маалымат кербени өтүүдө


Бул тууралуу акциянын уюштуруучуларынын бири Султан Мамытов “Азаттыкка” кабарлады. Иш-чаранын алкагында 20 адамдан турган кеңеш берүүчү топ эл көп топтолгон жерлерде жарандарга кургак учук илдетинен сактануу, дарылануу жолдору тууралуу маалыматтарды берүүдө.

Маалымат кербени Ош облусунун Араван районунда башталып, Ноокат, Өзгөн, Кара-Суу, Ош шаарларындагы базарларда жана Ош аэропортунда өтүүдө. Акция Эл аралык кургак учукка каршы күрөшүү күнүнө карата уюштурулган.

Ош облусунда кургак учук илдетине кабылгандардын саны былтыркы жылга караганда 117 адамга өсүп, расмий катталганыдардын саны 2095 адамга жеткен. (SA/YI)

XS
SM
MD
LG