Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:32

АКШ дипломаты Молдовада сүйлөшүү өткөрөт


Мамлекеттик катчынын Евразия жана Европа иштери боюнча жардамчысы Виктория Нуланддын Кишиневдо президент Николай Тимофти, премьер-министр Юрий Лянке менен жолугушуусу мерчемделген. АКШ - Молдова сүйлөшүүлөрү Крымдын аннексиясынан кийинки кооптонуулардын шартында өтүүдө.

НАТОнун Еворопадагы күчтөрүнүн колбашчысы Филип Бридлав өткөн аптада Орусия эми Приднестровьени окуппациялап алуусу ыктымалдуулугун эскерткен, мындай кооптонуулары бардыгын молдован бийликтери да жашырган эмес.

Мунун алдында Приднестровьенин парламент башчысы Орусияга кошуп алууну тездетүүнү өтүнүп, Москвага кат жолдогон. Орус тилдүүлөр басымдуулук кылган Приднестровье Молдовадан көз карандысыздыгын 1990-жылы жарыялаган.

1992-жылы эки тарап кыска согушка барып, ал Орусиянын аскерий интервенциясы менен аяктаган эле. Орусиянын Приднестровьеде азыр да 1400дөй аскери турат.

Орус президенти Путин АКШ президенти Обама менен жума күнкү телефон сүйлөшүүсүндө Приднестровье аймагы “тышкы блокадага” кабылганын белгилеген.

Орусия колдогон бул жикчил чөлкөм Молдова менен Украинанын ортосунда жайгашкан. ( UE)

XS
SM
MD
LG