Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:06

Оппозиция курултайы жылдырылды


Садыр Жапаров "Азаттыктын" студиясында, 19-июнь, 2012
Садыр Жапаров "Азаттыктын" студиясында, 19-июнь, 2012
Эртеңкиге белгиленген курултайды уюштуруп жаткан мурдагы депутат Садыр Жапаров жыйын белгисиз күнгө жылганын, ага уруксат алынбаганына таянып, ИИМ чогулгандарды күч менен таратууга камданып жатканы себеп болгонун айтты. Бул тууралуу Садыр Жапаров Фейсбуктагы баракчасында жарыялаган кайрылуусунда белгилеп, Баш мыйзамдын 34-беренесине таянып, 31-мартта курултай өткөрө тургандыгы тууралуу эч кимге арыз жазбаганын ачыктаган. Эми курултай качан болоору 10-апрелге чейин жарыяланмакчы.

29-март күнү Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы оппозиция өткөргөнү жаткан жыйынга байланыштуу маалымат берген. Анда жыйынды уюштуруучулар уруксат алуу катын кеч тапшыргандыктан жана катта маалымат толук эмес жазылгандыктан 31-мартта жыйын өткөрүү мыйзамсыз болот деген эскертүү жасалган.

"Тынч митингдерди өткөрүү" мыйзамына ылайык, кат иш-чара өткөрүүгө эки иш күн калганга чейин тапшырылуусу абзел. (SA)

XS
SM
MD
LG