Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:52

Египетте президенттик шайлоонун мөөнөтү аныкталды


Өлкөнүн шайлоо комиссиясынын билдирүүсүнө караганда, Египетте президенттик шайлоо 26-27-майда болот. Бул шайлоо демократиялык жол менен шайланган Мухамед Мурси кулатылгандан 10 айдан кийин өткөрүлүүдө. Мурси учурда соттолууда.

Мурсини кулатууда чечүүчү ролду ойногон коргоо министри Абдел Фаттах ал-Сиси президенттикке талапкерлигин жарыялады жана шайлоодо анын жеңишке жетиши күтүлүүдө. Ага атаандаш катары солчул саясатчы Хамдин Сабахи аталууда. Ал 2012-жылкы шайлоодо Мурсиден жеңилип, үчүнчү орунда калган. (AiT)

XS
SM
MD
LG