Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:40

АКШ жана Орусия Украина боюнча Парижде сүйлөштү


Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Жон Керри Сергей Лавров менен төрт саат бою ачык сүйлөшүүлөр жүрдү деп билдирди. Ошол эле учурда Керри Москванын Крымдагы иш аракети мыйзамсыз жана легитимсиз экенин жана Украинага жакын жерде турган орус аскерлери чочулоо жана коркутуу жаратып жатканын белгилеген. Эки тарап тең Украинадагы кризисти жөнгөрүүнүн туура жолу дипломатия экенине макул болгон.

Сергей Лавров Украина бирдиктүү федеративдик мамлекет болуш керек деп билдирген:

- Мына ошонун алкагында бардык региондор, саясий күчтөр бирдей добушка ээ болуп, саясий, экономикалык, финансылык, диний салттар урматталышы боюнча макулдашууга жетише алышат. Бул алардын бирдиктүү болушуна жана Украинада бардык элдердин кызыкчылыгынын чагылдырылышына алып келет.

Буга чейин Лавров Орусиянын аскерлери Украинага бастырып кирет сөздөрдү четке каккан. (AiT)

XS
SM
MD
LG