Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:48

Жаза аткаруу кызматына байланыштуу кылмыш иш козголду


Кыргызстандын Жаза аткаруу мекемесинин айрым кызматкерлерине карата кылмыш иш козголду. Бул тууралуу бүгүн Башкы прокуратурадан кабарлашты. Көзөмөл органдын маалыматы боюнча, абакта жаткандарга азык-түлүк сатып алууда мамлекетке 164 миң сом зыян келтирилген. Май жана күрүч сатып алуу үчүн тендерде көрсөтүлгөн сумма алдын ала төлөнгөнү менен товар кампага өз убагында түшпөй калганы айтылууда. Тергөө жүрүп жатат. (RK)

XS
SM
MD
LG