Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:49

Тажикстандын өтүнүчү менен айрым чек ара бекеттери ачылды


Тажик тараптын өтүнүчү менен айрым чек ара бекеттери ачылды. Бул тууралуу Кыргызстандын Чек ара кызматынын төрагасы Райымберди Дүйшембиев “Азаттыка” билдирди. Анын айтымында, учурда “Карамык”, “Бордөбө” чек ара көзөмөлдөп өткөрүү бекеттери толугу менен ачылды. Ал эми “Кулунду”, “Кайрагач” бекеттеринде чек аралаш аймактардын атуулдары үчүн жөө каттамга уруксат берилди. “Кызыл-Бел” жабык бойдон турат.

Төраганын айтымында, чек ара өткөрмө бекеттерин ачуу боюнча тажик тараптан расмий өтүнүч болгондон кийин ушундай чечим кабыл алынган. Кыргыз-тажик чек арасын ушул жылдын 11-январында куралдуу кагылыштан кийин Кыргызстан бир тараптуу жапкан эле. (JsA)

XS
SM
MD
LG