Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:12

Орус өкмөт башчысы Дмитрий Медведев Крымга барды


Д.Медведев Крымда экенин Твиттерде кабарлады.
Д.Медведев Крымда экенин Твиттерде кабарлады.
Бул Орусия Украинанын Крым автономиялык республикасын өзүнө кошуп алгандан бери орусиялык расмий өкүлдүн эң жогорку деңгээлдеги алгачкы сапары. Бүгүн Медведев Твиттердеги билдирүүсүндө Симферополдо экенин, “өкмөт Крымды өнүктүрүүнү талкуулай турганын” кабарлады. Маалымат агенттиктери Медведев министрлер менен вице-премьерлердин катышуусундагы жыйында Крымдын социалдык-экономикалык абалын жакшыртууну талкуулай турганын жазышты.

Орусиянын Крымды аннексиялап алышы эл аралык коомчулук тарабынан таанылган жок. АКШ, Евробиримдик жана БУУнун Башкы Ассамблеясы аны “мыйзамсыз” деп атаган.

XS
SM
MD
LG