Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:38

Жаңы коалицияны кайрадан Феликс Кулов башкарат


Парламентте бүгүн түзүлгөн жаңы “Мамлекеттүүлүктү бекемдөө үчүн” коалициясын “Ар-Намыс” фракциясынын лидери Феликс Кулов башкарат. Бул тууралуу “Азаттыкка” “Ата Мекен” фракциясынын башчысы Өмүрбек Текебаев билдирди.

Парламенттеги башкаруучу коалицияга бүгүн КСДП, “Ата Мекен” жана “Ар-Намыс” фракциялары кирди. “Ата Журт” жана ”Республика” оппозицияда калды.

18-мартта таркаган “Ырыс алды - ынтымак” коалициясын да Феликс Кулов башкарган. Мурдагы коалиция курамында да азыркы эле фракциялар болгон. (SE)

XS
SM
MD
LG