Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:33

Дүйшөмбү шаарында кыргыз-тажик сүйлөшүүлөрү болду


Тажикстанда 31-мартта Кыргызстан менен Тажикстандын Транспорт министрликтери Баткен-Исфара чек ара аймагындагы жолдун курулушу боюнча маселени талкуулай башташты. Тажикстандын транспорт министринин орун басары Шамсмухаммад Назриев “Азаттыктын” тажик редакциясынын суроолоруна жооп берип жатып, сүйлөшүүгө Кыргызстандын транспорт министри Калыкбек Султанов жана тажик министри Хайрулло Асоев жетектеген делегациялар катышып жатканын кабарлады.

Назриев бул сүйлөшүүнүн соңунда келишимге кол коюлушу мүмкүн экенин кошумчалады. Бүгүн Кыргызстандын Чек ара кызматы, Тажикстандын суранычын эске алып, чек арадагы айрым өткөрүү бекеттерин ачканын билдирген. Эки мамлекеттин чек арасы 11-январдагы атышуудан кийин толук жабылган.

XS
SM
MD
LG