Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:47

Владимир Путин Приднестровьедеги “блокаданы” жоюу талабын койду


Орус президенти Германиянын канцлери Ангела Меркел менен дүйшөмбү күнү телефон аркылуу сүйлөшүүдө Молдовадан бөлүнүп чыккан Приднестровье аймагын блокадага алуу токтотулуш керек деп билдирген. Мындай талапты Владимир Путин өткөн жума күнү АКШ президенти Барак Обама менен телефон аркылуу сүйлөшүүдө да койгон. Молдова жана АКШ аны негизсиз деп, четке каккан. Негизинен орус тилдүү калк жашаган Приднестровье аймагы Молдовадан көз карандысыздыгын 1990-жылы жарыялаган. Кыска мөөнөттүк согуштан кийин 1992-жылы ал аймакка орус аскерлери киргизилген. Приднестровьенин көз карандысыздыгын бир да мамлекет тааный элек. (AiT)

XS
SM
MD
LG