Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:32

НАТОнун тышкы иштер министрлери украин кризисин талкуулашат


НАТО министрлери Орусия Крымды аннексиялап алгандан кийинки биринчи жыйынына бүгүн Брюсселде чогулат. НАТО Украинадагы кырдаалды жөнгөрүү үчүн аскер колдонбосун билдирген. Бирок Балтика жээгиндеги мамлекеттердин чочулоосун жайгаруу үчүн кошумча аскерий учактарда жиберген. Дипломаттардын сөзүнө караганда, НАТОнун министрлери жолугушууда уюмдун чыгыштагы мүчөлөрүнө көбүрөөк күчтөрдү жөнөтүү жана аскердик машыгууларды өткөрүүнү сүйлөшөт. Ошондой эле Украинанын куралдуу күчтөрүн бекемдөө үчүн жардам сунушташат. Министрлер НАТО менен Орусиянын кызматташуусуна байланыштуу маселени карашы да белгиленген. (AiT)

XS
SM
MD
LG