Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:13

Бүгүн Жогорку Кеңештин кезексиз сессиясы чакырылат


Бул тууралуу КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков билдирди. Кезексиз сессияда “Ата Мекен”, “Ар-намыс” жана КСДП фракциялары “Мамлекеттүүлүктү бекемдөө үчүн” аттуу жаңы коалициясы түзүшкөнүн жарыялашат жана өкмөт башчылыкка талапкерин сунушташат. Коалиция түзүлгөнүн Турсунбеков кечээ күнү жарыялаган:

- Биз коалиция түздүк. Эми коалиция өкмөт башчы боюнча талапкерге да токтолдук. Эми ошол талапкерге тапшырып атабыз. Ал талапкер фракция лидерлери менен макулдашып иштейт. Анын убактысы бар.

Жаңы коалиция өкмөт башчылыкка Жоомарт Оторбаевдин талапкерлигин колдогон. Ал парламентке өкмөттүн структурасы, курамы жана программасын алып чыгууга тийиш. (AiT)

XS
SM
MD
LG