Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:23

Өкмөт башчынын программасы бир жумада сунушталат


Өкмөт башчыга талапкердин программасы жети күндө сунушталышы керек. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңеште жаңы коалиция расмий жарыяланган соң парламент спикери Асылбек Жээнбеков билдирди.

Премьер-министрлик кызматка башкаруучу коалиция тарабынан Жоомарт Оторбаевдин талапкерлиги сунушталууда. Жаңы коалицияга киргендердин баары аны колдой турганын буга чейин билдирген.

Оторбаев Жантөрө Сатыбалдиев өткөн айда отставкага кеткенден бери премьер-министрдин милдетин аткарып келет.

Жогорку Кеңеште жаңы коалиция 31-март күнү түзүлдү. Ал “Мамлекеттүүлүктү бекемдөө үчүн” деп аталып, курамына “Ар-Намыс”, “Ата Мекен” жана КСДП фракциялары кирди. Аны Феликс Кулов башкарат. (SE\BkA)

XS
SM
MD
LG