Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:41

Ошто иорданиялык жана жергиликтүү футболчулар беттешет


Бүгүн Оштун “Алай” футбол командасы Иорданиянын “Шабаб аль-Ордон” командасы менен беттешет. Оюн Ош шаарында Сүйүмбаев атындагы стадиондо саат 15:00дө башталат.

Стадион директору Нурдин Сматов билдиргендей, эл аралык футбол беттешине байланыштуу коомдук тартипти милициянын 900 кызматкери көзөмөлдөйт. Коопсуздукту камсыздоого үч тез жардам унаасы жана үч өрт өчүрүү машинеси бөлүнгөн.

Февраль айында “Алай” Бахрейндин “Аль-Риффа” командасын кабыл алып, оюн 0:0 эсебинде жыйынтыкталган. (ErN)

XS
SM
MD
LG