Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:31

Абасовдун өлүмүн атайын топ иликтөөдө


Кикбоксчу Руслан Абасовдун өлүмүнө байланыштуу атайын иликтөөчү топ түзүлдү. Бул тууралуу "Азаттыкка" Чүй облустук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Айбек Арзыматов билдирди. Кылмыштын бетин ачуу үчүн иликтөөчү топко Ички иштер министрлигинин тажрыйбалуу тергөөчүлөрү жана оперативдүү кызматкерлери тартылды.

Учурда маркумдун туугандары, жакын кишилери суракка чакырылып, керектүү маалыматтар топтолуп жатат.

27-март күнү Руслан Абасов айдап бараткан “Тойота Лендкрузер” маркасындагы унаа жарылып, спортчу каза тапкан. Милициянын маалыматына ылайык, жардыргыч зат айдоочу отурган орундуктун астына коюлган. (SE)

XS
SM
MD
LG