Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:09

Бишкекте Апрель окуясы боюнча сот уланууда


Бүгүн Бишкек гарнизонунун аскердик сотунда 2010-жылдагы апрель окуялары боюнча сот уланууда. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган соттон кабарлашты.

Жабыркагандардын адвокаты соттук териштирүү аяктап калганын, жараян үзгүлтүккө учурабаса жакында аягына чыгышы мүмкүн экенин өткөн жылы маалымдаган. Бирок айрым жараяндар күбөлөрдүн толук келбей калышы жана башка себептер менен жылдырылып келет.

2010-жылы 7-апрелде Ак үйдүн алдында 90го жакын адамдын атылышы боюнча 28 кишиге айып тагылган. Беларуста баш калкалап жүргөн мурдагы президент Курманбек Бакиев менен анын иниси Жаныш баштаган бир топ адамга эл аралык издөө жарыяланган. Ошол кездеги айрым кызматкерлер кармалып, соттун чечими менен үй камагына чыгарылган.

Апрель окуясы боюнча сот иши 2010-жылдын 17-ноябрында башталган. (SE)

XS
SM
MD
LG