Шанхай кызматташтык уюмунун коргоо министрлери бүгүн Тажикстандын Кайраккум шаарында жыйын өткөрүүдө. Ага Кыргызстандын коргоо министри Таалайбек Өмүралиев да катышып жатат. Жыйында соңку 9 ай ичиндеги кызматташтыктын жыйынтыгы, эл аралык жана аймактык коопсуздук маселелери талкууланууда.
Уюмдун президенттери катышкан быйылкы саммити Тажикстанда өтмөкчү.
Шанхай кызматташтык уюмуна Казакстан, Кытай, Кыргызстан, Орусия, Тажикстан жана Өзбекстан кирет. Иран, Индия, Монголия, Ооганстан жана Пакистан байкоочу деген макамага ээ. (RK)