Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:01

Ажыга барчулар чүчү кулак аркылуу тандалат


Быйыл ажылык сапарга барчу кишилер чүчү кулак аркылуу тандалат. Акыркы үч жылда зыяратка барып келгендерге кайра ажылык сапарына барууга уруксат берилбейт. Бул тууралуу “Азаттыкка” муфтияттын коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башчысы Асан ажы Саипов билдирди.

Анын айтымында, аймактардагы кишилердин санына жараша квота бөлүнүп, талапкерлер чүчү кулак аркылуу тандалат. Жыл сайын квотадагы сандан эки-үч эсе көп талапкер каттоого алынгандыктан, ушул ыкма пайдаланылмакчы. Саипов белгилегендей, буга чейин айрым диний кызматкерлер тарабынан өз тааныштарын каттаттуу сыяктуу учурлар да болгон.

Учурда ажылык сапар үчүн авиакомпанияга жана атайын кийим тигүүчү ишканага сынак жарыяланды. Жакынкы аралыкта ажыга барчуларды тизмеге алуу башталат.

Былтыр Кыргызстанда ажылыкка 3685 адам барган. (SE)

XS
SM
MD
LG