Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:16

“Мекен шейиттери” Апрель сотуна бойкот жарыялады


“Мекен шейиттери” уюмунун өкүлдөрү Апрель сотуна бойкот жарыялады. Бул тууралуу 2010-жылдын апрелиндеги окуяда набыт болгондордун жакындарынын адвокаты Осунбек Жамансариев “Азаттыкка” билдирди.

Мындай кадамга барууга мамлекеттик айыптоочулардын соттолуп жаткан атайын даярдыктагы аскерлерди актоо боюнча сотко кайрылуусу себеп болду.

Бүгүн Бишкек гарнизонунун аскердик сотунда Апрель окуялары боюнча сот уланып, анда атайын бөлүктөгү “Альфа” жана мурдагы Мамлекеттик күзөт кызматынын аскерлерине коюлуп жаткан айып толук далилин таппаганына байланыштуу аларды актоо сунушу айтылган. Буга нааразы болгон жабыркаган тарап сот залынан чыгып кеткен жана мындан аркы жараяндарга катышпай турганын айткан.

Осунбек Жамансариев билдиргендей, төрт жыл мурун бийликке каршы чыгып каза тапкандардын жакындары 2-апрель күнү Ала-Тоо аянтында маркумдарга коюлган эстеликтин жанында жолугуп, мындан аркы кадамдарын талкуулашат.

Апрель окуясы боюнча сот 2010-жылдан бери уланууда. Ак үйдүн алдында 90го жакын адамдын атылышы боюнча ошол кездеги президент Курманбек Бакиев баш болгон 28 кишиге айып тагылган. Учурда ишти судья Дамир Оңолбеков карап жатат. (ZB\SE\BkA)

XS
SM
MD
LG