Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:17

Аба ырайы: чукул эскертүү


3-апрелге чейин күтүлүп жаткан жаан чачынга жана күндүн жылышына байланыштуу тоолуу райондордо кар көчкүсү күтүлөт. Бишкек - Ош жана Ала-Бука - Каныш-Кыя унаа жолдорунда кар көчкү ыктымалдуулугу жогору. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот.

2-апрелге аба ырайы:

Шаршембиде түнкүсүн Кыргызстанда жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз Чүй, Талас, Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарынын кээ бир аймактарында жаан жаап, тоолорго кар түшөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:


Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 7...12, күндүз 9...14,
Талас жергесинде түнкүсүн 6...11, күндүз 8...13,
Баткенде түнкүсүн 6...11, күндүз 11...16,
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 6...11, күндүз 12...17,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1...+4, күндүз 8...13,
Нарында түнкүсүн -2...+3, күндүз 11...16,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -7...-12, күндүз -2...+3 градус болот.

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз жамгыр жаайт. Түнкүсүн 9…11, күндүз 12…14 градус жылуу болот.

XS
SM
MD
LG