Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:37

НАТОнун министрлери Украинадагы абалды талкуулайт


Брюсселде НАТОнун тышкы иштер министрлери Украинадагы жагдайды талкуулашат. Бул НАТОго мүчө өлкөлөрдүн министрлеринин Орусия Крымды аннексиялап алгандан берки биринчи жыйыны. Дипломаттык булактардын айтымында, министрлер альянстын Чыгыш мүчөлөрүнүн аймагында аскерий машыгуу өткөрүү жана көбүрөөк аскер жөнөтүү мүмкүндүгү сыяктуу түрдүү маселелерди сүйлөшөт, Орусия менен аскерий кызматташууну карап көрөт жана Украина армиясына жардам сунуш кылынат деп боолгонууда.

Жыйынга Украинанын тышкы иштер министри Андрей Дещица да катышат. НАТОнун баш катчысы Андрес Фон Расмуссен “Азаттык” радиосуна 31-мартта берген интервьюсунда Украина менен кызматташуу тууралуу буларды айтты:

- Биз Украина менен кызматташууну НАТО - Украина комиссиясынын алкагында НАТО - Украина өнөктүгү аркылуу бекемдейли деп макулдаштык. Эртең НАТО - Украина комиссиясынын саясый деңгээлдеги жолугушуусу болот. Биз Украина менен өнөктөштүктү өнүктүргөнүбүзгө жараша аларга жардам көрсөтөбүз.

XS
SM
MD
LG