Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:28

Апрель сотунда прокуратура сунуштаган жаза мөөнөттөрү угузулду


Бүгүн апрель сотунда прокурорлор соттолуучулар үчүн сурап жаткан жаза мөөнөттөрүн атады. Атайын даярдыктагы “Альфа” бөлүгүнүн жана мурдагы Мамлекеттик күзөт кызматынын аскерлерин "адам өлтүрүү" айыбы боюнча актоо, "ишенип берилген куралды жоготуу" айыбы боюнча эки жылга кесүү сунушталууда.

Мурдагы президент Курманбек Бакиев, анын иниси Жаныш Бакиев жана мурдагы өкмөт башчы Данияр Үсөновду сыртынан өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратуу сунушталууда.

УКМКнын мурдагы төрагасы Мурат Суталиновго, мурдагы Мамлекеттик күзөт кызматынын башчы орун басарлары Нурлан Темирбаев менен Данияр Дунгановго 25 жылдан, мурдагы Баш прокурор Нурлан Турсункуловго, президенттик аппараттын мурдагы башчысы Каныбек Жороевге, президенттик катчылыктын башчысы Оксана Малеванаяга 15 жылдан, мурунку баш прокурор Элмурза Сатыбалдиевге, мурдагы президенттин уулу Марат Бакиевге 10 жылдан камак мөөнөтү сунушталды.

Апрель окуясы боюнча сот 2010-жылдан бери уланып келатат. Ак үйдүн алдында 90го жакын адамдын атылышы боюнча ошол кездеги президент Курманбек Бакиев баш болгон 28 кишиге айып тагылган.

Бүгүнкү отурумда атайын даярдыктагы күч кызматкерлерин актоо сунушу айтылганына байланыштуу жабыркаган тарап сот залынан чыгып кетип, бойкот жарыялады. Кийинки отурум 8-апрелде өтөт. (SE\BkA)

XS
SM
MD
LG