Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:26

Кыргызстан менен Тажикстан биргелешип көпүрө жана жол курат


Кыргызстан жана Тажикстан эки көпүрө жана даңгыр жол курат. Мындай келишимге 31-мартта Дүйшөмбү шаарында эки өлкөнүн байланыш жана унаа министрлери кол койду.

Эки тараптын маалымдашынча, келишимде каралаган көпүрөлөр Гулякандоз каналына жана Козубаглан (Кожобакырган) дарыясына салынып, жаңы түшчү даңгыр жол аларды туташтырат. "Жарандардын жана транспорт каражаттарынын токтоосуз өтүшүнө өбөлгө түзчү жаңы келишим эки өлкө арасындагы маселелерди үргүлжүң карачу кыргыз-тажик өкмөт аралык комиссиясынын ишинин натыйжасы" деп айтылат билдирүүдө.

XS
SM
MD
LG