Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:50

“Казакатомдун” аткаруучу директору камакка алынды


Валерий Шевелев "710 миллион долларды кымтып алган” деп шектелип жатканын Казакстандын Коррупцияга каршы күрөшүү агенттиги кабарлады.

Шевелевдин орун басарларынын бири Абдразаков да камакка алынганы ачык болду. Маалыматта "Казакатомөнөржайы" улуттук компаниясынын жетекчилери жаңы ишкана курууда чоң суммадагы акча уурдаганы айтылат. "Казакатомдун" мурдагы президенти Мухтар Жакишев 2009-жылы коррупцияга катыштыгы бар деп камакка алынып, кийин 14 жылга соттолгон. Жакишев жана анын тарапкерлери өздөрүн саясый оюндардын курмандыгы деп санашат.

“Казакатом” өлкөдөгү уран өндүрүүчү жана ядролук отун менен камсыздоочу эң чоң оператор. Казакстандын өзүндө атомдук электр станция жок.

XS
SM
MD
LG