Линктер

шейшемби, 19-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 19:23

“Люфтганза” иш таштоодон улам 3800 авиакаттамды токтотту


Германиянын эң чоң авиакомпаниясы “Люфтганза” (Lufthansa) пилоттордун үч күндүк иш таштоосуна байланыштуу үшул жумада 3800 каттамды тейлебейт. Учкучтардын кесиптик кошууну маянаны көбөйтүү боюнча көптөн берки талаптары аткарылбай келаткандыктан үч күнгө ишти токтотоорун өткөн жумада жарыя кылган.

Экономикалык акцияга арзан каттамдарды тейлөөчү “Germanwings” компаниясынын пилоттору да катышууда.

2010-жылы бир күндүк иш таштоонун кесепетинен 2 миңдей авиакаттам аткарылбай калган жана “Люфтганза” 48 миллион евро (66 миллион доллар) чыгаша тарткан.

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында жарыялаган онлайн сынак аяктады. Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. ​

XS
SM
MD
LG