Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:40

Фукусималыктар үйлөрүнө кайта баштады


Фукусима атомдук электр станциясындагы үч жыл мурдагы кырсыкта сырт жакка көчүрүлгөн адамдардын 350дөн ашуусуна 1-апрелден тарта үйлөрүнө кайтууга уруксат берилди. 2011-жылкы цунами менен коштолгон жер титирөөдө Фукусима АЭСинин реакторлорунун биринде авария болуп, тегеректе жашаган 160 миңден ашык адам башка жакка көчүрүлгөн. АЭСтин атрабында 20 чакырымдык тилке адамдардын жашоосу үчүн кооптуу деп жабылган.

Жапон өкмөтү жакында өткөргөн изилдөө Тамура шаарынын бир ыптасында радиациянын деңгээли төмөн экенин көрсөткөн соң ошол жердин элине там-жайына кайтууга уруксат берилди. Азыр кырсыкта көчүрүлгөн 160 миңден ашуун адамдын үчтөн бири убактылуу жайларда жашайт.

XS
SM
MD
LG