Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:14

“Алай” командасы иорданиялыктардан жеңилип калды


Оштун “Алай” футбол командасы Иорданиянын “Шабаб аль-Ордон” командасына 0:1 эсебинде жеңилип калды. Беттеш бүгүн Ош шаарында Сүйүмбаев атындагы стадиондо болду.

Индиялык калыстар көзөмөлдөгөн оюндун 89-мүнөтүндө иорданиялыктар гол киргизди. Ага чейин "Алай" командасынын мүчөсү Шерзат Шакиров атаандаштарынын дарбазасына киргизген гол эсепке алынбады. Калыстар аны "оюндан сырткы абал" деп негиздеди.

Стадионго миңден ашуун күйөрман келди. Коомдук тартипти милициянын 900 кызматкери көзөмөлдөдү.

Февраль айында “Алай” Бахрейндин “Аль-Риффа” командасын кабыл алып, оюн 0:0 эсебинде жыйынтыкталган. (ErN)

XS
SM
MD
LG