Бул тууралуу КСДП фракциясынан 1-апрелде кабарлашты. Биринчи вице-премьер-министрликке КСДП фракциясында вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Тайырбек Сарпашев жана энергетика жана өнөр жай министринин милдетин аткаруучу Осмонбек Артыкбаевдин талапкерлиги каралып, фракцияда талаш-тартышты жараткан. Бирок соңунда фракция Сарпашевди биринчи вице-премьер-министрликке, ал эми Артыкбаевди ордунда калтырууну чечкен. (AiT)