Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Сентябрь, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:50

“Мамлекеттүүлүктү бекемдөө үчүн” коалициясы бүгүн чогулат

“Ар-намыс” фракциясынын мүчөсү Кожобек Рыспаевдин билдирүүсүнө караганда, көпчүлүк коалициянын жыйынында өкмөт башчылыкка талапкер Жоомарт Оторбаевдин программасы жана өкмөттүн структурасы боюнча маалыматы угулат. Жоомарт Оторбаев программасын Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбековго тапшырганын 1-апрелде маалымдаган. Көпчүлүк коалицияга кирген КСДП, "Ата Мекен" жана "Ар-намыс" фракциялары Оторбаевдин талапкерлигин өз жыйындарында колдогон. Жогорку Кеңеш жаңы өкмөткө байланыштуу маселени бейшемби күнү карары күтүлүүдө. (AiT)
XS
SM
MD
LG