Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:27

“Мекен шейиттеринин” мүчөлөрү Ак үйдүн жанында жолугат


Апрель окуясында курман болгондордун жакындары бүгүн Ак үйдүн жанына чогулат. Алар 2010-жылы бийликке каршы чыгып окко учкандардын элесине арналып орнотулган эстеликтин жанында мындан аркы кадамдарды талкуулашат. Бул тууралуу каза тапкандардын жакындарынын адвокаты Осунбек Жамансариев “Азаттыкка” билдирди.

Шейшемби күнү Апрель окуясы боюнча сот жараянында прокурорлор элге ок атты деп шектелип жаткан атайын даярдыктагы аскерлерди актоо сунушуна мерт кеткендердин жакындары нааразы болуп, сот отурумунан чыгып кеткен. Алар мындан аркы жараяндарга катышпай турганын айткан. Бүгүн Ак үйдүн жанына ушул себептен улам чогулууда.

2010-жылы 90го жакын адамдын атылышы боюнча ошол кездеги президент Курманбек Бакиев баш болгон 28 кишиге айып тагылган. Бийликке каршы чыгып курман болгондордун туугандары “Мекен шейиттери” коомун түзгөн. (SE)

XS
SM
MD
LG