Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:43

Жумгалда жаштар долбоору ишке ашырылууда


1-15-апрель күндөрү "Жаштардын билим берүү фонду" "Кыргызстандыктан кыргызстандыкка" акциясын өткөрүүдө. Нарындын Жумгал районуна караштуу Байзак жана Көк-Ой айылдарында буга чейин жаштар демилгеси менен клуб жана бала бакча кайра ишке кирген болчу. Эми ал жерде жаштар жана балдар үчүн түрдүү ийрим, окуу залдарын ачуу үчүн китеп, оюнчук, музыкалык аспаптар жана башка буюмдар керек болууда. Жардам берүүнүн каалагандар Бишкектин Манас жана Иваницын көчөлөрүнүн кесилишиндеги "Сапатком" имаратынын ичинде орнотулган атайын пунктка тапшырып кетсе болорун акциянын уюштуруучулары "Азаттыкка" кабарлады. (RK)

XS
SM
MD
LG