Нарындагы "Кара-Кече" көмүр казып алуу ишканасынын жетекчилигине карата кылмыш иш козголду. Бул тууралуу бүгүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен кабарлашты. Тергөөнүн маалыматы боюнча, экскаваторлорду ижарага алууда алардын баасы атайылап жогору көрсөтүлгөндүктөн натыйжада мамлекетке 1,4 миллион сом зыян келтирилген. Кылмыш иш "Кыргызстандын кызыкчылыгына каршы келген мамлекеттик сатып алуу контрактын түзүү" деген берененин негизинде козголду. Азырынча эч ким кармалган жок, тергөө жүрүп жатат.
"Кара-Кече" "Кыргызкөмүр" ишканасынын филиалы. (RK)
"Кара-Кече" "Кыргызкөмүр" ишканасынын филиалы. (RK)