Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:32

Аба ырайы: чукул эскертүү


3-апрелге чейин күтүлүп жаткан жаан чачынга жана күндүн жылышына байланыштуу тоолуу райондордо кар көчкүсү күтүлөт. Бишкек - Ош жана Ала-Бука - Каныш-Кыя унаа жолдорунда кар көчкү ыктымалдуулугу жогору. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот.

3-апрелге аба ырайы:

Бейшембиде түнкүсүн кээ бир райондордо жаан жаап, тоо этектерине кар түшүшү мүмкүн. Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлерине туман түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7, Ысык-Көл акваториясында 19-24 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0...5, күндүз 11...16,
Талас жергесинде түнкүсүн 0...5, күндүз 10...15,
Баткенде түнкүсүн 0...5, күндүз 11...16,
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0...5, күндүз 12...17,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3...+2, күндүз 9...14,
Нарында түнкүсүн -4...+1, күндүз 10...15,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -3...+2, күндүз 9...14 градус болот.

Бишкек шаарында түнкүсүн жамгыр жаашы мүмкүн, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкүсүн 1…3, күндүз 13…15 градус жылуу болот.

XS
SM
MD
LG