Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:22

"Бавария Мүнхен"-"Манчестер Юнайтед" — 1:1


Чемпиондор лигасынын чейрек финалынын биринчи бөлүгүндө Германиянын "Бавария Мүнхен" менен Англиянын "Манчестер Юнайтед" командалары беттешип, эсеп 1:1 болду. Олд Траффорддо өткөн таймаштын 67-мүнөтүндө немис футболчусу Бастиан Швайнштайгер манчестерликтердин дарбазасына гол киргизип, эсепти теңеди. Кечээ ошондой эле Каталониянын "Барселонасы" менен "Атлетико Мадрид" мелдешип, эсеп 1:1 болду. Бүгүн 2012-жылдын чемпиону "Челси" Францияда Париждин "Сен-Жермен" командасы менен, ал эми Германиянын "Боруссия Дортмунд" командасы Испанияда "Реал Мадрид" менен беттешет.

XS
SM
MD
LG