Акыйкатчы Бакыт Аманбаев абактагы кыйноолор боюнча Башкы прокуратура чара көрбөгөндүктөн мекемени сотко берип, утуп алды. Бул тууралуу “Азаттыкка” бүгүн омбудсмен өзү билдирди.
Аманбаев Кыргызстанда күч колдонуу менен күнөөсүн моюнуна алдыруу же абакта жаткандарды кыйноо фактысы күчөгөнүн айтып, буга өлкө жетекчилигин көңүл бурууга чакырган. Март айынын башында Кумтөр кенине каршы башаламандык уюштурган деп камакка алынгандардын бири Наристе Калчаевдин арыздануусунун негизинде абалды текшерүүнү Башкы прокуратурадан суранган. Бирок Башкы прокуратура мында эч кандай кылмыштын жана мыйзам бузуулуктун белгиси жок деген негиз менен текшерүүдөн баш тарткан.
Бул үчүн акыйткачы Аманбаев мекемени сотко берген. Бишкектеги Биринчи Май райондук соту ишти карап, “Башкы прокуратуранын кыйноо боюнча териштирүүнү токтотуу тууралуу чечими мыйзамсыз" деген чечим чыгарды. (SE)