Башкы прокуратура Биринчи Май райондук сотунун Бишкек шаарында пикет, митингдерге чектөө киргизүү чечимин жокко чыгаруу өтүнүчү менен жогорку инстанцияга кайрылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
Биринчи Май райондук соту Ала-Тоо аянтында, Жогорку Кеңештин жана Өкмөт үйүнүн жанында митинг, пикет өткөрүүгө 1-майга чейин тыюу салган чечимди ушул аптанын башына чыгарган. Акцияларды чектөөнү өтүнүп сотко Биринчи Май райондук администрациясы кайрылган.
Чектөөлөр Апрель окуясынын 4 жылдыгына даярдык жүргүзүү, коомдук тартипти сактоо жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо аракети катары негизделген.
Кыргыз мыйзамдары боюнча райондук соттон кийинки инстанция шаардык сот болуп эсептелет. (SE)