Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:43

Ооганстанда жанкечтинин жардыруусунан алты адам өлдү


Кабулда ооган Ички иштер министрлигинин сыртында жанкечти өзүн өзү жардырып, андан улам алты полиция жан берди. 5-апрелге белгиленген президенттик шайлоо жараянынын акыркы күндө болгон жардырууга жоопкерчиликти Талибан өзүнө алды.

Кабулдун тургуну Вафак Ариа:

- Жардыруу Ички иштер министрлигинин алдында болду. Эгер кырдаал ушул бойдон кала берсе, менин оюмча, элдер шайлоого барбайт. Бул шайлоо процессине таасирин тийгизет. Мен коргоо расмийлерин шайлоо күнү коопсуздук чараларын күчөтүүгө чакырам,- деди.

Ооган ички иштер министрлиги кабарлагандай, жанкечти аскерий кийимчен болгон жана ал өзүн имараттын катуу кайтарууга алынган дарбазасында өзүн жардырган. Аны менен бирге, Талибан бүгүн тогуз адамды, анын ичинде жергиликтүү кеңешке талапкерди өлкөнүн түндүгүндөгү Сар-э Пол провинциясында өлтүргөн.

XS
SM
MD
LG