Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:28

Араванда майып балдар үчүн борбор ачылды


Оштун Араван районунун Керме-Тоо айылында майып балдар үчүн реабилитация жана адаптация борбору ишке кирди. Бул тууралуу борбордун жетекчиси Гүлина Юсупова кабарлады.

Балдар борбору “Сезим” деп аталып, эски мектептин кароосуз калган имаратынан орун алды. Өкмөттүк эмес уюмдар ачкан борбор мамлекеттин балансына өткөрүлүп берилди. Ал жердеги мугалим, тарбиячы, психологдорго өкмөт айлык төлөйт. Учурда 3 кызматкер иштеп жатат.

Мурда райондо мындай борбор жок болгондуктан аймактагы 108 бала Ош шаарындагы балдар борборлоруна каттап турчу. (YI)

XS
SM
MD
LG