Жалал-Абаддын Сузак районунун Маркай айылындагы үч турак үйдүн жашоочулары көчкү коркунучуна байланыштуу убактылуу башка жерге көчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
1-апрель күнү аталган айылдын Ак-Жар аймагында эски шахтанын таштанды төгүлгөн жери көчүп түшкөн. Көчкүнүн узундугу 400, туурасы 50, бийиктиги 7 метрди түзгөн. Киши өмүрүнө зыян келген эмес.
Кооптуу жерде жайгашкандар азыр убактылуу туугандарынын үйүндө баш калкалап жатат. Алардын айрымдарына көчкү коркунучуна байланыштуу 1994-98-жылдары эле башка жерге көчүү үчүн ссуда берилген. (SE)