Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:14

Тербишалиев: Коррупцияга малынгандар да өкмөткө умтулууда


Бүгүн парламентте жаңы өкмөт мүчөлөрүнүн программасы угулуп жатканда КСДПдан депутат Данияр Тербишалиев менен биринчи вице-премьер-министрликке талапкер Тайырбек Сарпашев кайым айтыша кетти.

Тербишалиев өкмөттүн сунушталып жаткан жаңы курамында коррупцияга малынып, аты булганган адамдар бар экенин айтып, Сарпашевге таандык деп айтылып жүргөн 20га жакын компания өлкөдөгү ири тендерлерде жеңүүчү аталып жатканын айыптады. Сарпашев ага карата айыптоолор боюнча ар бир фракциядан экиден депутат кирген атайын комиссия иштегенин, анын коррупцияга тиешеси жок экени ошол жерде аныкталганын айтты. (RK)

XS
SM
MD
LG