Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:38

Оторбаев: “Газпром” Кыргызстанга 20 млрд рубл инвестиция менен келатат


Орусиянын “Газпром” ишканасы Кыргызстандын газ тармагын жакшыртуу үчүн 20 миллиард рубл инвестиция менен келатат. Бул тууралуу бүгүн парламентте депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып премьер-министрлик кызматка талапкер Жоомарт Оторбаев билдирди. Ал жада калса дүйнөдөгү эң бай мамлекеттер үчүн да инвестиция тартуу негизги максат экенин баса белгилеп, Кыргызстан да сырттан инвестиция тартууну уланта берерин кошумчалады.

- Мамлекеттин кепилдиги менен инвестиция тартып, аны инфраструктурага жумшайбыз. Былтыр 5 млрд доллар тегерегиндеги суммадагы келишимдерге кол койдук. Инфраструктураны өнүктүрсөк бизге жеке инвесторлор келе баштайт. “Газпром” 20 млрд рубл инвестиция алып келатат. Мамлекеттик бюджетибизде мындай каражат жок жана болбойт, - деди Оторбаев.

Бүгүн парламент жаңы өкмөттүн курамына талапкерлердин иш-максаттарын угуп, талкуулап жатат. (RK)

XS
SM
MD
LG