Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:19

АКШ - Кыргызстан кызматташтыгы талкууланды


Кыргызстандын АКШ менен кызматташтыгы мындан ары да өлкөнүн улуттук кызыкчылыгынын негизинде уланат. Бул тууралуу бүгүн президент Алмазбек Атамбаев АКШнын Мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбор Азия боюнча жардамчысы Ниша Десаи Бисвалды кабыл алган учурда белгиледи. Жолугушууда эки тараптуу кызматташтык талкууланды.

Ниша Десаи Бисвал Ооганстанда жана Борбор Азия аймагындагы коопсуздукту камсыз кылууда «Манас» Транзиттик жүк ташуу борборунун салымы чоң болуп жатканын белгиледи. (SE)

XS
SM
MD
LG