Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:40

Дүйшеевдин "Агындылары" Кытайда которулат


Кыргыз Эл акыны Шайлообек Дүйшеевдин жаңы чыккан "Агындылар" китеби Кытайдын Синцзян-Уйгур автоном районундагы жеке басмаканада уйгур тилинде басылып чыгат. Бүгүн аталган басмакананын расмий өкүлдөрү Шайлообек Дүйшеевдин өзү менен жолугуп, макулдугун алып кетти. Кийинчерээк китеп кытай тилине да которулмакчы. Ушул эле басмакана Чыңгыз Айтматовдун жана Төлөгөн Касымбековдун чыгармаларын которуп чыгарган.

Кыргыз Эл акыны Шайлообек Дүйшеев III даражадагы "Манас” орденинин, Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыктын жана Байдылда Сарногоев атындагы Эл аралык адабий сыйлыктын лауреаты. (RK)

XS
SM
MD
LG