Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:24

Митингдерге чектөө киргизилишине каршы акция өттү


Бишкекте пикет, митингдерге чектөө киргизүү чечимине нааразылык иретинде жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров Биринчи Май райондук сотунун жанында бүгүн акция өткөрдү. Ал ушундай чечим кабыл алган судья Аида Тилекееванын жумуштан кетишин талап кылды жана бийлик буга көңүл бурушу керектигин эскертти.

Активисттин айтымында, мекеме өкүлдөрү ага чыгып талаптарын шаардык сот аркылуу чечсе болорун айтышты.

Ала-Тоо аянтында, Ак үйдүн жана Өкмөт үйүнүн жанында 1-майга чейин митинг өткөрүүгө Бишкектин Биринчи Май райондук соту тыюу салган. Апрель окуясынын 4 жылдыгын белгилөө жана коомдук тартипти сактоо максатында акцияларга чектөө киргизүү өтүнүчү менен сотко райондун акимчилиги кайрылган.

2-апрелде Башкы прокуратура райондук соттун бул чечимине каршы чыгып, шаардык сотко арыз жолдогон. (SE)

XS
SM
MD
LG