Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:50

Украинада 12 полициячы демонстранттарды аткан деп шектелүүдө


Украина бийлиги “Беркут” деген мурдагы атайын күчтөрдүн 12 мүчөсүн кармады. Алар февралда Киевдеги демонстрация маалында куралсыз адамдарга ок аткан деп шектелүүдө. Башкы прокуратуранын маалымат катчысы билдиргенине караганда, тергөөчүлөр 20-февралдагы кан төгүүнү иликтеп жатат. Ал күнү борбордук аянтта окко учкан 100дөн ашуун кишинин көбү снайперлердин колунан каза тапкан.

Башкы прокурордун милдетин аткаруучу Олег Махницкийдин айтымында, алгачкы иликтөө “Беркуттун” кызматкерлери ошол кездеги президент Виктор Януковичтин буйругу менен ок ачканын аныктады. Бүгүн кечке жуук атайын комиссия Майдандагы адам өлүмү боюнча алдын ала маалымат менен таанышмакчы.

XS
SM
MD
LG