Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:10

Жалал-Абадда тогуз аткаминерге айыппул салынды


Жалал-Абад облустук администрациясынын 9 кызматкерине 2000 сомдон айыппул салынды. Шаардык сот чыгарган мындай чечим тууралуу облустук прокуратурадан билдиришти.

Айыппул салынган кызматкерлер өзүнө тийиштүү мүлк тууралуу декларация толтурган эмес. Облустук прокуратура бул боюнча 18 жооптуу кызматкерге административдик иш козгоп, сотко өткөрүп берген. Алардын тогузуна айыппул салынып, калгандарынын иши каралып жатат.

Кыргызстанда жыл сайын жогорку мамлекеттик кызматта иштеген 1500дөй жаран милдеттүү түрдө мүлкү боюнча декларация толтурат. Мүлкү 45 миллион сомдон ашса милдеттүү түрдө 450 миң сомдук пошлина төлөйт.

Аткаминерлердин жылдык кирешесин текшерген бул жараян 2004-жылдан бери өткөрүлүп келатат. (YA)

XS
SM
MD
LG