Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:52

Кадыржан Батыровго карата кылмыш иш козголду


Облустук прокуратура ЖКнын экс-депутаты Кадыржан Батыров менен Сузак райондук жерге жайгаштыруу, кыймылсыз мүлктү каттоо бөлүмү менен райондогу Таш-Булак айыл өкмөтүнүн кызмат адамдарына карата кылмыш иш козгоду. Прокуратура билдиргендей, Батыров ЖКнын депутаты болуп турган 2006-2009-жылдары Таш-Булак айыл өкмөтүнүн мыйзамсыз токтомдорунун негизинде жасалма документтер аркылуу баасы 2 миллион 22 миң сом турган 13 гектар 67 сотка жерди өзүнө менчиктештирип алган. Алар Кылмыш-жаза кодексинин "жемкорлук" жана "кызматтык алдамчылык" беренелери боюнча жооп берүүсү тийиш.

Кадыржан Батыров 2010-жылдагы Июнь окуясы боюнча сыртынан өмүрүнүн аягына чейин абакка кесилген. Чет элдик маалымат каражаттары аркылуу ал өзүнө коюлган айыптарды четке кагып келүүдө. (YA)

XS
SM
MD
LG